Укмуш! Meta жок нерсени бар кылып сездирген кол каптын видеосун жарыялады

Жазылуу
Сиздин алдыңызда эч нерсе жок болсо да виртуалдуу кол капты кийип сыйпалай баштасаңыз, кудум кармап жаткандай сезим тартуулайт. Таптакыр башка дүйнөгө жетелейбиз деп убада берген азыркы Meta, мурдагы Facebook кызыктуу видеосун жарыялады.
Кол каптын алаканга жана манжалардын ички бөлүгүнө тийген жерлери атайын иштеткилер (привод — ред.) менен жабдылган. Аны Reality Labs бөлүмү иштеп чыкканы айтылган.
Meta компаниясынын жана Facebook социалдык тармагынын логотиптери. Арихв - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.10.2021
Facebook эмнеге аталышын өзгөрттү? Эксперттердин түшүндүрмөсү
Маалыматта бул кол каптарды массалык түрдө чыгарууга али эрте экендиги айтылган. Ойлоп тапкандар иштеткилердин санын көбөйтүп, ал эми түзүмдүн көлөмүн кичинекей кылуу максатын көздөп жатканы маалымдалды.
Эске салсак, октябрдын аягында Facebook компаниясы аталышын Meta деп өзгөрткөн. Компания атын алмаштырган менен Facebook социалдык тармагы мурдагы аталышын сактап калды.
Жаңылыктар түрмөгү
0