Чыканагы менен жыга коюп... UFC турнириндеги беттештердин видеосу

Жазылуу
Лас-Вегаста кечээ түнү өткөн UFC турнириндеги башкы кармаш жеңил салмактагы америкалык Макс Холлоуэй менен мексикалык Яир Родригездин ортосунда болгон.
Эске салсак, Родригез бул кармашка чейин мушкерлер дивизионундагы рейтингде үчүнчү орунда турган. Учурдагы чемпион калыстардын бир ооздон берген баасы боюнча жеңүүчү болду.
Ал эми башка кармашта Йоэль Альварез бир нече ирет койгулап, анын ичине чыканагы менен уруп артыкчылык кылып, биринчи раундда эле Тиаго Мойзести нокаутка кетирди. Жакшы кармашканы үчүн ал кечте Андреа Ли ( Синтия Калвиллону жеңди) жана Кэлинн Уилльямс ( Мигель Баезаны утуп) бонуска татыктуу болду. Ал эми мыкты кармаш деп Холлоуэй менен Родригездин беттешин айтышты.
Жаңылыктар түрмөгү
0