Аксы: шектүүнүн үйүнөн курал менен кошо аюу, суусардын териси чыкты. Видео

Жазылуу
Милицияга Жалал-Абад облусундагы Аксы районунун тургуну үйүндө мылтык, курал-жарактарды сактап жүрөт жана уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү менен байланышы болушу мүмкүн деген ыкчам маалымат келип түшкөн.
Айтылган жерге барган тартип сактоо кызматкерлери ал кишини кармаган.
Үйүн тинткенде төмөнкүлөр табылган:
  • номуру өчүрүлгөн 7,62 калибрлүү "Сайга" үлгүсүндөгү сайлуу мылтык;
  • -7,62 калибрлүү "Мосина" үлгүсүндөгү сайлуу мылтык (карабин);
  • колго жасалган бычак;
  • сейрек кездешкен жаныбарлардын: аюу, сүлөөсүн, суусардын терилери чыккан.
ИИМден бул жаныбарлар Кызыл китепке киргендигин жана аларды атууга тыюу салынганын эскертишти.
Марал. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.11.2021
Аксыда кызыл китепке кирген бугуну атып, жиликтеп жаткандар кармалды. Видео
ИИМдин тергөө кызматы тарабынан Жазык кодексинин 253-беренесинин 3-бөлүмү ("Ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү") боюнча сотко чейинки өндүрүш жүргүзүлүп жатканын айтышты.
Учурда мыйзамсыз аракеттерди жасоого тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жана аларды жоопкерчиликке тартуу боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатканын кошумчалашты.
Жаңылыктар түрмөгү
0