Жаныбарлардын жай турмушун жакындан көрө элек белеңиз? Кызыктуу видео

Жазылуу
Түштүк Африкадагы Крюгер улуттук жаратылыш паркында тартылган видеодон ар кыл жаныбарлардын жай турмушун байкоого болот.
Роликте адатта көрүп жүргөн агрессия, жырткыч жаныбарлардын алсыздарына кол салып, жара тартып жеп, сая кууп алганы эмес, балдары менен ээрчише жүргөнүн же күн чубактап жаткан учурлар чогултулган.
Адеп эле көзгө эч кимди аңдыбай, күркүрөп кол салбай, кээ бирлери төрт бутун асманды каратып алып, бейкапар уктап жактан арстандардын үйүрү урунат. Андан кийин куйругун шыйпаңдатып көлөкөлөп жаткан зебраларды, тизелеп оттоп жүргөн каманды, акактап жаткан кабыланды көрүүгө болот. Кумдан тамак издеп же жумурткасын көөмп жатабы, айтор, күйпөлөктөп жүргөн кескелдирик кадрга түшүп калган.
Пил аялды тепселеп кое жаздап... Чочутуп, андан соң жылмайткан видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.09.2021
Пил аялды тепселеп коё жаздап... Чочутуп, андан соң жылмайткан видео
Оттоп жаткан энесинен бир кадам калбай, эмчегин үзүп алчудай жармашып алып ээмп жаткан бала каман жылмаюу тартуулабай койбойт. Дагы бир элжиреткен көрүнүш кичинекей пилдин видеосу болуп калды. Үйүрдөгү чоңдордун курчоосунда жүргөн бул жаныбар узун тумшукчасы менен улам суу ичип, ал эми энеси айланчыктап жүрөт.
Адатта кишилер кооптуулук менен байкоо салып, видеолорун кабатырланып көргөн крокодил бул жолу эч кимдин жашоосуна коркунуч келтирбей, жөн гана жээктеги кумга күнөстөгөнү чыккан.
Кызыккандар бул роликтен дагы башка бир нече жаныбардын жай жашоосуна байкоо сала алат.
Жаңылыктар түрмөгү
0