Көп кабаттуу үйдүн короосун көрккө бөлөгөн бишкектик Сагиттин видеосу

Жазылуу
Бишкектин тургуну Сагит Сулейманов өзү жашаган короону өзгөчө көрккө бөлөп жасаган. Бул борбор калаанын түштүк кичи райондорунун кооз жайына айланды.
Сагит Сулеймановдун айтымында, 11-кичи райондогу бул короо мурда каралбай калган. Жергиликтүү тургундар таштанды ыргытышып, үй-жайы жоктордун турагына айланган.
"Ал жерди иретке келтирүүнү колго алдым. Жалпысынан буга 10 жылдай убакыт кетти. Мен көп таштанды чыгарып, жерди каздым, отурганга орундуктарды койдум, гүл отургуздум. Азыр бул жерде хризантемалар гүлдөп жатат, жазында жоогазындар болгон. Көрдүңүзбү, жашаган жериңизге көз салуу маанилүү. Үйүңдө эле эмес, айлана-тегерегиң да кооз болушу керек", — деген ал.
Активисттин пассивдүү киреше алып келип турган бизнеси болгондуктан өз аймагын жакшыртууга убакыт таба алган.
Мыкты экен! Бийлик ойлоп табуучулардын үйүн ачты. Видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.10.2021
Мыкты экен! Бийлик ойлоп табуучулардын "үйүн" ачты. Видео
"Менин идеямды бирөө колдойт, бирөө нааразы. Бирок эң негизгиси бул жер жагымдуу болуп калды. Мен баарын өз колум менен жасагам, муну мага атам үйрөткөн. Ал жагымдуу шарттарда жашоого, кооздукка жана тазалыкка маани берген киши. Атам мага ушул сапатты сиңирген, мен аны башкалар менен бөлүшөм", — деген Сулейманов.
Бул короого каалаган адам келсе болот, бирок ар бир адам тазалыкты сакташы керек. 
Жаңылыктар түрмөгү
0