Кесиптешин атып алган актёр Болдуиндин журналисттерге курган маеги. Видео

Жазылуу
Голливуд актёру Алек Болдуин тасма тартуу аянтчасында тапанча менен атып өлтүрүп алган аял боюнча алгачкы жолу журналисттерге комментарий берди. Ал бул окуяны өтө сейрек кездешкен кокустук деп атады.
Видеону NBC News телеканалы YouTube-каналына жарыялаган.
РИА Новости агенттигинин маалыматына караганда, актёр Вермонт штатында аны аңдып жүргөн репортёр-папараццилерди токтотуп, суроолоруна жооп берген.
"Тасма тартуу талаасында ар кандай учурларга туш келебиз, бирок мындай нерсе болгон эмес. Бул триллион учурдун бирөөдө гана кездеше турган окуя", — деген Болдуин.
Балта кармаган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.10.2021
Карыз өндүрүүгө келген сот аткаруучуга балта көтөрө чуркап... Казакстандагы видео
Ал ошондой эле буга чейинки тасмалар менен телешоуларда канчалаган ок атуу сценарийлери болгонун, алардын бирөөсү дагы кейиштүү окуя менен бүтпөгөнүн белгилеген.
"Айыптоо стадиясына жете элек тергөө боюнча комментарий берүүгө тыюу салынган. Учурда тапанча чыныгы ок менен кандайча октолуп калганы изилденип жатат", — деген актёр.
Болдуин каргаша болгон жерде тартуу ишин улантпай турганын белгилеген.
"Ал менин досум болчу. Тартуу иштерин баштоо үчүн Санта-Феге келгенимде мен аны биздин режиссёр Жоэль менен кошо кечки тамакка чакыргам. Биз абдан мыкты команда болчубуз. Кийин ушундай каргашалуу окуя болуп кетти", — деди ал.
Эске салсак, Болдуин тасма тартуу аянтчасында машыгып жатып октолгон тапанча менен кесиптешин атып алган. Жыйынтыгында оператор Галина Хатчинс көз жумуп, режиссёр Жоэль Соуза оор жаракат алган. Актёр тапанча кадимкидей эле октолгонун билбегенин айткан.
Жаңылыктар түрмөгү
0