Күлүн асманга чачкан Асо. Япониядагы ири вулкандын атылып жаткан видеосу

Жазылуу
Япониядагы Кумамото префектурасында Асо вулканы атылып, анын күлү асманды көздөй 3,5 чакырым бийиктикке чейин чачылды.
Аталган аймакты түтүн каптап, көктө тоодой-тоодой уюлгуган чаң пайда болду. Кайнап атылып чыккан вулкан таштары бир чакырымга чейин учуп барып түшкөн. Ал эми видеодон айланадагы элдин шашып, автоунаага, автобустарга түшүп кетип жаткандыгын көрүүгө болот.
Күн Чыгыш өлкөсүнүн бийлиги мындан улам кооптуулуктун беш деңгээлинин ичинен үчүнчү даражаны белгиледи. Ал эми ошол аймакта жашаган жергиликтүү элдин жанар тоого эки чакырымдан жакын барбашы керектигин эскертишти.
Жаңылыктар түрмөгү
0