Назарбаев Путинди кантип таң калтырганын айтып берди. Маектин видеосу

Жазылуу
Казакстандын алгачкы президенти Нурсултан Назарбаев Россиянын өлкө башчысы Владимир Путин анын мөөнөтүнөн мурда отставкага кетишин кандай кабыл алганын эстеп, айтып берди.
"Штрихи к портрету. Откровение" даректүү тасмасынын бешинчи сериясын Елбасынын маалымат кызматынын YouTube каналы чыгарды. Анда Назарбаев алып баруучу менен маектешкен.
"Мындай нерселерди жайылтууга болбойт. Мен эч кимге айткан эмесмин. Кантсе да ири кошунабыз да, ошол күнү эртең менен Путинге чалдым, ал аябай таң калды. Мен "бүгүн кечинде жарыяланат, өз оозумдан уксун дедим сизди" деп айттым. Бүттү! Андан башка президенттер билген жок", — деген Назарбаев.
Елбасы отставкага кетүү чечими 2015-жылы бышып-жетилгенин билдирген. 2011-жылы кыр арка сөөгүнө операция жасатканын да белгилеген.
Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.10.2021
Эч кимге айтпаган сырымды ачам. Назарбаевдин жаңы маегинин тизери
"75 жылдыгым өттү, мен өзүм үчүн ушуну менен бүттү деген чечим чыгардым. Ишенимдин туу чокусунда турганда кетиш керек болду. Негизи эле ушундай кылыш керек деп ойлойм. Көз алдымда СССРдин геронтологиялык жетекчилиги турган. Мен Брежневдин, Андроповдун, Черненконун тажиясына катыштым, бул бир суроо. Ал эми экинчи суроо — кантсе да адамдык мүмкүнчүлүктөрдүн чеги бар", — деген Казакстандын мурдагы өлкө башчысы.
Эске сала кетсек, Нурсултан Назарбаев 2019-жылы мөөнөтүнөн мурда отставкага кеткен.
Жаңылыктар түрмөгү
0