Диний чөйрөнүн өкүлдөрү жарышка түшүп... Марафондун видеосу

Жазылуу
Бишкекте өлкөдөгү диний уюмдардын катышуусунда конфессиялар аралык марафон өттү. Спорттук иш-чараны Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы уюштурду.
Мекеменин төрагасы Тойгонбай Абдыкаров иш-чара диний уюмдардын ортосунда ынтымакты бекемдөөнү көздөгөнүн билдирди.
"Бул спорттук иш-чарабыз Кыргызстанда дин эркиндигинин алкагында бардык диндердин өкүлдөрүнүн башын бириктирүү, диндер ортосунда араздашуунун алдын алуу, терроризм, экстремизмге каршы күрөшүү максатында уюштурулууда. Ага мамлекеттик комиссияга мүчө болгон бардык диний уюмдардын өкүлдөрү катышты", — деген Абдыкаров.
Марафон Бишкек шаарындагы "Ден соолук" эс алуу паркында өттү. Ага ар кандай диний уюмдардан 150дөй киши катышып, үч чакырым аралыкка чуркашты.
Соңунда катышуучуларга атайын жасалган медалдар тапшырылды.
Жаңылыктар түрмөгү
0