UFC: Россия мушкерлеринин мыкты нокауттары. Видео

Жазылуу
UFC Russia уюмунун YouTube каналы алдыдагы UFC 267 турнирине чыга турган россиялык мушкерлердин атаандаштарын нокаутка кетирген учурларын бир видеого топтоду.
Жыйнакка Петр Ян, Ислам Махачев, Хамзат Чимаев, Магомед Анкалаев, Зубайра Тухугов сыяктуу спортчулардын нокауттары киргизилген.
Айтылуу UFC 267 турнири 31-октябрь күнү өтөт. Кеченин негизги таймашында UFC уюмунун жарым оор салмактагы чемпиону Ян Блахович бразилиялык Гловер Тейшейра менен беттешип, чемпиондук наамын коргойт.
Жаңылыктар түрмөгү
0