Оштун чок ортосунда спорткарларды чимирилте айдаган жарыш өттү. Видео

Жазылуу
Ош шаарынын чок ортосунда алгачкы ирет Gymkhana — дрифт элементтери менен кооз, чимирилте айдоо боюнча мелдеш өткөрүлдү. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Унаалар катышкан жарышты Бишкектеги детейлинг-студиялардын бири уюштурган.
Мелдештин жыйынтыгы менен төмөнкүлөр мыкты пилот болуп табылды:
  • Акылбек Өмүракунов;
  • Курбан Имма;
  • Тимур Губаев.
Мэрия белгилегендей, кызыктуу жарышка беш миңдей шаар тургуну көз салган.
Жаңылыктар түрмөгү
0