Бетин катканына карабай ургулап. UFC турниринин эң кызыктуу учурлары видеодо

Жазылуу
UFC Russia YouTube каналы уюмдун Лас-Вегаста өткөн соңку турниринин эң мыкты учурларын чыгарды. Мушкерлердин кечеси кечээ (Бишкек убактысы боюнча таңда) өттү.
Кеченин башкы беттешинде америкалык спортчу кыздар Аспен Лэдд менен бразилиялык Норма Дюмонт кезикти. Жыйынтыгында Дюмонт калыстардын чечими менен утту.
Өлөр-тирилерине карабай. Сентябрь айындагы UFC кармаштарынын видеосу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.10.2021
Өлөр-тирилерине карабай. Сентябрь айындагы UFC кармаштарынын видеосу
Ошондой эле башкы карддын алкагында Жим Миллер Эрик Гонсалести нокаутка кетирсе, Манон Фиоро Майру Буэно Сильваны калыстардын чечими менен, ал эми Нейт Ландвер Людовит Клейнаны колду кайруу ыкмасынын жардамы менен утту.
Жаңылыктар түрмөгү
0