Жырткычтай эмес... Балык кармап жеп, үйүрү менен жүргөн ягуарлардын видеосу

Жазылуу
Бразилиянын Тайама коругунан экологдор жаныбарларга аңчылык кылбай суудан балык кармап жеп, үйүрү менен жүргөн сейрек ягуарларды кезиктирди.
National Geographic басылмасы адатта ягуарлар аймактарда жалгыз жүрүп, майда жандыктарга кол салып, кээде гана крокодил, таш бака, балык жей турганын жазган.
Алматынын зоопаркында жаңы туулган ягуардын баласы көрсөтүлдү. Видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.04.2021
Алматынын зоопаркында жаңы туулган ягуардын баласы көрсөтүлдү. Видео
Бирок адистер ушуну менен токтоп калбай жырткычтардын жеген тамагын изилдеп, заңынын үлгүсүн алышкан. Натыйжада 55 пайызынан балыктын калдыктары, 46 пайызынан крокодил, таш бака сыяктуу сууда сойлоп жүрүүчүлөрдүкү чыккан. Заңдын 11 пайызында гана майда жандыктардын калдыктары болгон.
Натыйжада окумуштуулар жапайы мышыктардын бул түрү көбүнчө балык менен азыктанат деген тыянакка келишкен.
Жаңылыктар түрмөгү
0