Кыргызстандык жигит Россиядагы "Голос" долбооруна өттү. Видео

Жазылуу
Долбоордогу насаатчылардын бири Пелагея кыргызстандык жигитти өз командасына чакырган. Александр Градский дагы анын насаатчысы болууну каалаган.
Кыргызстандык ырчы Александр Волкодав Россиядагы "Голос" долбооруна ийгиликтүү өттү. Ырчынын видеосу долбоордун YouTube каналына жарыяланды.
Анда Александр Reamonn тобунун Supergirl ырын тандап алган. Ал ырдап жатканда Пелагея менен Александр Градский бурулган. Көрүүчүлөр да кол чабуулар менен тосуп алышкан.
"Сиздин бул чыгарманы аткарганыңыз абдан жакты. Бирок бул ырды билбейт экенмин", — деген Градский.
Дача-СУда жакындарын жоготкон Байнур визажист Гоардын шоусуна катышуда. Видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.10.2021
Дача СУда жакындарын жоготкон Байнур визажист Гоардын шоусуна катышуда. Видео
Леонид Агутин ырчыдан өзүн тааныштырууну суранып, кайырмалар эң сонун аткарылганын белгилеген.
"Аты-жөнүм Александр Волкодав. Кыргызстандан, Бишкек шаарынан келгем. Силер билгендей, 312 шаары. Ырдайм, ыр жазам," — деди катышуучу.
Пелагея кыргызстандык ырчынын тембри жакшы экенин айтып, өз командасына чакырган. Волкодав аны наасатчы катары тандап, бул учур түшүнө да киргенин белгилеген.
Жаңылыктар түрмөгү
0