Сокур иттин көзү көргөн жаныбарлардан кем калышпай жүргөн видеосу

Жазылуу
Британиялык ветеринар-офтальмолог Дэвид Уильямс өзүнүн иш тажрыйбасында буга чейин кезиктирбеген көрүнүшкө таң калып, илимий жактан жооп таба албагандыгын айткан.
"National Geographic Россия" сайты көзү көрбөгөн бордер-колли тукумундагы Дэйв аттуу ит жөнүндө жазды.
Ит сокур болгонуна карабастан алдындагы буюмдарды тебелеп кетпестен, урунуп албастан  кылдаттык менен айланып же буйтап өтүп, жолун улантарын ветеринар жазган. Жаныбардын мындай жөндөмүнө баа берип, таң калганын жашырган эмес.
Дэйвдин 69 жаштагы ээси Жейн Даунс итти Жаныбарларды куткаруу борборунан алып жатканда анын сокур экендигинен шек санабагандыгын айтып берген.
"Автоунаанын арткы эшигине секирип кирди, үйгө алып келдим. Бөлмөдөгү буюмдарга эки ирет урунуп алганы болбосо, эч кандай шек жараткан эмес. Анысын үйдө эмес, вольерде жашагандыктан көнбөй жатат деп ойлоп койгом", - деген Жейн Даунс.
Алар эшикке чыгып сейилдеп жүргөндө да байкаган эмес. Башка иттер менен кадимкидей ойноп, чакырганда чуркап келип, ал тургай жолдогу суу толгон көлчүктөрдү айланып өтүп, сырттан караганда сокур экени билинбеген. Бир ирет кожойке Дейв менен жаныбарлар дүкөнүнө кирип баратып тепкичке урунуп алганда,  сатуучу иттин сокур экенин боолгологон. Жейн аны ветеринарга алып барып, жаныбардын тубаса сокур экенин билген.
Кумга батып калган киттерди эл баарылап куткарып калды. Видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.10.2021
Кумга батып калган киттерди эл баарылап куткарып калды. Видео
Учурда Дейв болжол менен 5-7 жашта. Кожойке ветеринар-офтальмолог Дэвид Уильямска кайрылып, жаныбардын тапкычтыгын, сезгичтигин тажрыйба кылып сынап көргөн. Медиктин айтымына караганда, ал мындай жөндөмдүү сокур итти эч качан кезиктирген эмес. Ал, тилекке каршы, Дейвдин көзүн айыктыра турган дары жок экендигин айткан.
Ал эми видеодон кожойкесинин итине абдан жакшы мамиле кыларын байкоого болот. Ит адамдын мээримин сезип, ага эркелеп, ал тургай ыктап, жакын көргөнү тартылган кадрлардан сезилип турат.
Жаңылыктар түрмөгү
0