Колдон келбеген нерсе жок! Мээрим Жуманазарованын жеңиштен кийинки видеомаеги

Жазылуу
Кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнө чемпиону болгон Мээрим Жумуназарова жеңишинен кийин Бириккен күрөш дүйнөсүнө интервью берди.
Кыргызстандык балбан дүйнө чемпиону болуу кандай экенин азырынча сезе электигин, бирок аябай бактылуу болуп турганын айтты. Ал финалдагы япон атаандашы менен буга чейин жаштар арасындагы Азия чемпионатында күрөшкөнүн белгиледи.
Ошондой эле ага Айсулуу Тыныбекова кыргызстандык кыздарга канчалык дем берип, шыктандырары тууралуу суроо узатылган.
"Андан үлгү алабыз, ал биздин команданын лидери. 2019-жылы Айсулуу эже чемпион болгондо аябай кубангам, мен анда жаракат алып катыша албай калгам", — деп жооп берди.
Ал эми жаш кыздарга бере турган кеңешин сураганда "чоң максаттарды коюп, ага жетишин, эч нерседен коркпошун каалайм. Баары колдон келет, колдон келбеген нерсе жок", — деп айткан.
Аны менен катар машыктыруучусу жок мындай чоң ийгиликтерге жетүү мүмкүн эместигин белгилеп, "биздин машыктыруучулар эң күчтүү жана мыкты" деп баа берди.
Жаңылыктар түрмөгү
0