Гүл жайнаган Бишкекке жааган кар. Шаардын асмандан тартылган видеосу

Жазылуу
Быйыл Бишкекке мурдагы жылдарга салыштырмалуу кар эрте жаады. Калаанын азыркы көрүнүшүн асманга дрон көтөрүп тартып алдык.
Бак-дарактардын жалбырактары толук саргайып жерге түшө электе, гүлдөр дагы деле гүлдөп турган чакта жааган кар теребелди жомоктогудай кооздукка бөлөдү.
Кыргызгидрометтин маалыматына караганда, өлкөдө жаан-чачын дагы бир нече күнгө созулат.
Бул айда аба ырайы кандай болорун Кыргызгидромет айткан.
Жаңылыктар түрмөгү
0