Булуттун үстүндө жүргөндөй. Казакстандагы фламинголордун керемет видеосу

Жазылуу
Видео дабышы катуу чыкпаган дрондун жардамы менен тартылган. Жаңы дрондор канаттуулардын тынчын алып, чочутпайт.
Казакстандагы Кара-Көлдүн изумруд түстүү толкундарында жүргөн кызгылт фламинголордун видеосу кишини суктантпай койбойт. Мындай керемет видеонун ээси Актаунун жашоочусу Азамат Сарсенбаев болду.
Куштардын талыган канатын эс алдырып, суунун үстүндө жүргөн видеону автор өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жайгаштырган.
Видео дабышы катуу чыкпаган дрондун жардамы менен тартылган. Сарсенбаевдин айтымына караганда, жаңы дрондор канаттуулардын тынчын алып, чочутпайт.
Алардын тартып жатканына фламинголор көнүп калганбы, айтор, дрондон коркуп, уча качканы байкалган эмес.
Фламинго. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.02.2020
Интернеттеги "канжалаган" фламингонун видеосу элдин оозун ачырды
Келгин куштардын бири болгон бул канаттуулар болжол менен алганда көлдө ноябрдын ортосуна чейин калат да, андан соң жылуу жактарга учуп кетет. Түркмөнстандагы Хазар жаратылыш коругунда же Иран аймагында кыштап чыгат. Орнитологдордун айтымына караганда, бир жыл ичинде аталган сууда канаттуулардын 90го чукул түрү токтоп, талыган канаттарын эс алдырып алып, кайрадан сапарын улашат. Алардын көбү Кызыл китепке кирген.
Аяр мамилени талап кылган бул куштар Кара-Көлгө эле эмес, Казакстандын борборундагы Кичи Талды-Көлгө да токтогон. Аталган көлмө райондогу курулуштун көбүнөн улам кургап калуу кооптуулугунда турат. Экологиялык активисттер менен жаратылышка кайдыгер карабаган астаналыктар көлдү сактап калуу боюнча иштерди алып барып, түштүккө сапар алган ак куулар менен фламинголордун бул жерге токтой кетишине шарт түзүүгө аракет кылып келишет.
Жаңылыктар түрмөгү
0