Сол колдоп сулата чаап. UFC Vegas 38 мелдешинин урунттуу учурларынын видеосу

Жазылуу
UFC Russia уюмунун YouTube каналы Лас-Вегаста болгон UFC Vegas 38 турниринин кызыктуу учурларын кесип, чогултуп, видеосун жарыялады.
Бул мелдеште кыргызстандыктарды кыз-келиндер дивизионунун жеңил салмак категориясында Антонина Шевченконун беттеши кызыктырган. Тилекке каршы, ал таймаштын экинчи раундунда атаандашы, австралиялык Кейси О'Ниллге жеңишти алдырып койду.
Ал эми видео Сильва де Андраде атаандашы Пирреллону жыга чапканы, Малларки атаандашы Смитти торго такап, соккуларды жаадырып сулатканы жана кеченин башкы беттешинде Сантос менен Уолкердин кыл чайнашкан мушташы сыяктуу урунттуу учурлар менен коштолгон.
Жаңылыктар түрмөгү
0