Кол чаап, кучактап... Депутаттар Толкунбек Абдыгуловду узаткан видео

Жазылуу
Жогорку Кеңештин депутаттары Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловдун отставкасын бүгүн, 29-сентябрда, кабыл алды.

Абдыгулов бүгүн парламентке келип президент Садыр Жапаров аны башка кызматка жөнөтүп жатканына байланыштуу өз ыктыяры менен арыз жазганын билдирди.

ЖКнын бүгүнкү жыйынында эл өкүлдөрү анын Улуттук банкты жетектеген ишин жогору баалап, кызматтан эмне үчүн кетип жаткандыгы боюнча суроолорду беришти. Ал эми бир катарлары анын отставкасын кабыл албай коюу ниети болгонун айтышты. Бирок Абдыгулов парламентарийлерден анын чечимин колдоп берүүнү суранды.

Натыйжада 66 депутаттын 62си макул болуп, төртөө каршы чыкты.

Депутаттар башкы банктын төрагасынын отставкасын кабыл алгандан кийин кол чаап, кучактап, мындан аркы ишине ийгилик каалап жылуу узатышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0