Баңгизатты Бишкектин ар кайсы жерине таштап, сатып жүргөндөр кармалды. Видео

Жазылуу
Эсептей келгенде Бишкектин ар кыл аймактарынан таштардын алдына, жалбырактардын арасына жана башка жерлерге катылган 21 даана баңгизат баштыкчалары табылган.

Даярдалып, түтүкчөлөргө, баштыкчаларга салынган баңгизатты Бишкек шаарынын ар кыл жерлерине таштап, кардарларга ошол жерден алып кетүүгө шарт түзүп берип жүргөн кишилер кармалды. Бул туурасында ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

"4-сентябрда Баңгизатты мыйзамсыз айлантууга каршы күрөшүү боюнча кызмат менен Аламүдүн райондук ИИБдин кызматкерлери ыкчам-издөө иштерин жүргүзүп, интернет-дүкөндөн баңгизаттын партиясын алып жаткан 23 жаштагы жаранды кармаган. Анын шымынын оң чөнтөгүнөн тоголоктолуп, кызыл түстөгү 18 даана түтүкчөгө салынып даярдалган зат табылган. Ал жапайы кара куурай (гашиш-чарс) жыттанып турган", — деп айтылат маалыматта.

Андан аркы ыкчам иштердин жүрүшүндө кармалган С.А. аталган баңгизаттын алдын ала кайсы жерге катылганын милицияга көрсөтүп берген. Эсептей келгенде Бишкектин ар кыл аймактарынан таштардын алдына, жалбырактардын арасына жана башка жерлерге катылган 21 даана баңгизат баштыкчалары табылган. ИИМ тараткан видеодон алардын кызыл жана сары түстөгү түтүкчө сымал нерсеге салынгандыгын көрүүгө болот.

Медайым ооруканада бейтап менен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.06.2021
Кыргызстанда баңгиликтен 8,5 миң адам дарыланып жатат. Аймактар
"Кармалган кишиден алынган баңгизатты эсептегенде 40 даана чыккан. Алар бир ирет пайдаланууга ылайыкталып жасалган. Бир граммы 3 100 сом болуп, жалпы суммасы 124 миң сомду түзгөн", — деп айтылат маалыматта.

Ушул эле күнү Бишкектеги соода борбордун жанынан кылмышка катыштыгы бар деп шектелип дагы бир адам, 21 жаштагы жаран кармалды.

"Ал баңгизатты ар кыл жерге таштап, сатып жүргөнүн мойнуна алган. Кайсыл жерге таштаганын да көрсөтүп берген. Милиция көк түстөгү 20 даана түтүкчөнү тапты. Анын ичинен кристалл сындуу зат чыккан. Адистин айтымына караганда, ал Альфа-PVP (a-PVP) деп аталган психотроптук зат. Салмагы 20 граммды түзгөн 240 дозалык (бир граммы 3500 сом) бул кесепеттүү заттын жалпы баасы 70 миң сом болгон", — деп айтылат маалыматта.

Бул фактылар боюнча сотко чейинки өндүрүш башталып, кармалгандар тергөө абагына киргизилген. Милиция бул топтун башка мүчөлөрүн издөө ишин баштаганы айтылды.

ИИМ элге кайрылып, баңгизаттарды жарнама кылып жаткандарды көргөндөрдү же ушул маанайдагы кандайдыр бир маалымат уккандарды 102 номерине чалууну өтүндү.

Жаңылыктар түрмөгү
0