Токой аралап, чатырга түнөп... Путин менен Шойгу тайгада эс алган видео

Жазылуу
Россия президенти Владимир Путиндин тайгада эс алып жүргөн учурдагы видеосун News24 Russia телеканалы жарыялады. Анда өлкө башчыны коргоо министри Сергей Шойгу коштоп жүргөнүн көрүүгө болот.

Кадрлардан Путиндин балык уулап, токой аралап, кайык айдап жүргөнү көрүнүп турат. Ошондой эле анын чатырда түнөгөнү айтылат. Шойгу президент отурган чатырды карап "мыкты экен" деп баа берсе, Путин "мыкты иштеген кишинин турак жайы дагы жакшы болот" деп тамашалап жооп берет.

Эске салсак, Владимир Путин көбүнесе тайгада эс алат. Адатта анын кыска мөөнөттүү эмгек өргүүсү бир нече күнгө созулуп, коргоо министри Сергей Шойгу жанында жүрөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0