UFC Шевченко чыга турчу беттештин проморолигин жарыялады

Жазылуу
Абсолюттук мушкерлер уюму (UFC) өзүнүн YouTube-каналына Валентина Шевченко менен каршылашы Лорен Мерфи чыга турчу беттештин проморолигин жарыялады.

UFC 266 мелдеши 26-сентябрда АКШнын Лас-Вегас шаарында өтөт. Анда Шевченко Мерфи менен кез келип, чемпиондук наамын алтынчы ирет коргомокчу.

"Эркектер менен аялдардын арасында Валентина Шевченко дүйнөдөгү эң мыкты жана чебер мушкерлердин бири. Ал укмуш! Ал чемпиондук курун тагынгандан бери эч бир мушкерге мүмкүнчүлүк бербей келет", — деген видеонун авторлору.

Соперница оказалась тяжелее Шевченко — видео с церемонии взвешивания - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.09.2021
Атаандашы Шевченкодон оор чыкты. Мушкерлер беттеш алдында таразага түшкөн видео
Ата мекендик спортчу видеодо ага өз позициясын бекем кармап турганы дем берерин белгилеген.

"Мен Валентина менен беттешүүгө татыктуу болгон үчүн бул кармашка чыкканы турам. Мен башка атаандаштарына караганда көп нерсе кылдым", — деген америкалык спортчу.

Шевченко менен Мерфинин беттешин көрсөтө турган телеканал жана сайттардын тизмесин шилтемени ачып көрүңүз.

Жаңылыктар түрмөгү
0