Атаандашы Шевченкодон оор чыкты. Мушкерлер беттеш алдында таразага түшкөн видео

Жазылуу
АКШнын Лас-Вегас шаарында UFC 266 мелдешинин алдында мушкерлердин таразага түшүү жөрөлгөсү болду. Спортчулардын баарынын салмагы ченден ашкан жок.

Эртең өтө турчу мелдеште Валентина Шевченко америкалык Лорен Мерфи менен кез келет. Бул кыргызстандык мушкер кыздын чемпиондук курун коргоо үчүн чыккан алтынчы кармашы болмокчу.

Шевченко атаандашы Мерфиге муш кезеп... Көз караштар таймашынын видеосу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.09.2021
Шевченко атаандашы Мерфиге муш кезеп... Көз караштар таймашынын видеосу
Шевченконун салмагы 56,25 килограмм чыкты. Ал эми анын атаандашы дээрлик жарым килограммга оорураак болуп, 56,69 килограмм болду.

Турнирдин башкы беттешинде жарым жеңил салмактын чемпиону австралиялык Алекс Волкановски америкалык Брайан Ортега менен кез келет. Шевченконун таймашы турнирдин экинчи башкы беттеши болмокчу.

UFC 266 мелдеши 26-сентябрда АКШнын Лас-Вегас шаарында өтөт. Бул Бишкек убактысы боюнча эртең мененки маалга туш келет.

Шевченко менен Мерфинин беттешин көрсөтө турган телеканал жана сайттардан тизмесин шилтемени ачып көрүңүз.

Жаңылыктар түрмөгү
0