Шевченко атаандашы Мерфиге муш кезеп... Көз караштар таймашынын видеосу

Жазылуу
Мелдеш Бишкек убактысы боюнча 26-сентябрга караган түнү АКШнын Лас-Вегас шаарында өтөт. Бул таймаш турнирдин экинчи башкы беттеши болмокчу.

Кыргызстандык UFC мушкери Валентина Шевченко кезектеги атаандашы, америкалык Лорен Мерфи менен көз караштар таймашына чыкты. Мушкер кыздардын жолуккан видеосун аталган уюм өзүнүн Instagram баракчасына чыгарды.

Видеодо көрүнүп тургандай, Шевченко атаандашына муштум кезегени менен спортчулар өздөрүн токтоо кармашкан.

Нокауттардын ханышасы. Шевченко UFC уюмун кантип багындырган. Видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.09.2021
"Нокауттардын ханышасы". Шевченко UFC уюмун кантип багындырган. Видео
Мелдеш 26-сентябда АКШнын Лас-Вегас шаарында өтөт. Бул Бишкек убактысы боюнча эртең мененки маалга туш келет. Шевченконун таймашы турнирдин экинчи башкы беттеши болмокчу.

Кыргызстандык мушкер муну менен алтынчы ирет чемпиондук наамын коргоо үчүн беттешке чыгат. Акыркы жолу ал 25-апрелде эң жеңил салмактын экс-чемпиону, бразилиялык Жессика Андраде менен чыгып, аны экинчи раундда нокаутка кетирип уткан.

Ал эми анын кезектеги атаандашы, 37 жаштагы Мерфи удаасы менен беш жеңишти камсыздап келе жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0