Мен баарын билгем... Алтын концентраты боюнча Бажы башчысынын маеги видеодо

Жазылуу
Бажы кызматынын башчысы Самат Исабеков 17 фура алтын концентраты Кытайга чыгарылып кетти делген маалыматтын чоо-жайы тууралуу Sputnik Кыргызстанга айтып берди. Ал аталган иш жеке көзөмөлүндө болгонун белгиледи.

Кечээ Жогорку Кеңештин депутаты Аккулу Бердиев былтыр ноябрда "Эркеч-Там" бажысынан кармалган 17 фура алтын концентратын "Достук" постунан чыгарып кеткенин билдирген. Концентрат ташыган компанияга Финпол тарабынан кылмыш иши козголгонуна карабай, "Гик Кайди" компаниясы лицензиясын жаңылап алганына нааразы болгон. Депутат Бажы кызматын коррупцияга айыптап, жетекчиси аны билбей калганын айткан. Депутат алтын концентратынын болжолдуу суммасы 253 миллион долларды түзөрүн белгилеген.

Ал эми Исабеков депутаттын айтканын төгүнгө чыгарып, такталбаган маалыматты таратты деген пикирин билдирди.

"Мен Бажы кызматынын жетекчисимин, "билбей калыптырмын" деген сөздү айтпашым керек. Бардыгын билем, кырдаал биздин көзөмөлдө болчу. Буга кылмыш иши козголгон эмес. Такталбаган маалыматты айтуу кандай экенин эми ал киши өзү талдап алар. Бул жерде 17 фура эмес, 14 контейнер болчу. Чаткал алтын-кен комбинатынын жүгү болуп атат", — деди Исабеков.

Бажы кызматынын башчысы кеп болуп жаткан жүк Чоң-Алайдан эмес, Чаткал районунан казылганын ырастады. Ал эми аны экспорттоодо мыйзам бузулбаганын белгиледи.

Алтын куймалары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.09.2021
Тонналап экспорттолчу. Кыргызстан июлда бир дагы грамм алтын саткан жок
"Алтын концентраты былтыртан бери убактылуу кармалып турган. Себеби лицензиясы колго жазылыптыр, анан жасалма болушу мүмкүн деген шек менен убактылуу кармалган. Сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, Каржы полициясына тапшырылган. Ал орган тийиштүү материалды топтоп, бирок декабрда жоюлуп кеткенине байланыштуу УКМКнын Ош облустук башкармалыгына өткөрүп берилген. Ал эми 31-декабрда компаниянын лицензиясынын мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу иш токтотулган. Анан Экономика министрлигинен жаңы лицензия, УКМКдан кат алгандан кийин жүктү чыгарууга уруксат берилген. Катта "мурдагы каталардын баары жоюлганына байланыштуу уруксат берилди" деп жазылып турат. Документтер мыйзамдаштырылгандан кийин экспортко бөгөт коё албайбыз", — деди Исабеков.

Ошондой эле ал "Эркеч-Тамдан" эмес, кайра "Достук" постуна алып келип Өзбекстан аркылуу чыгарып кеткен компаниянын өзүнүн чечими болгонун, бажычылар ага кийлигише албасын кошумчалады.

Ал эми депутат Аккулу Бердиевдин коңгуроо кагуусунан кийин бул ишти жеке көзөмөлүнө алганын айтат.

"Депутат менен эки-үч ай мурда сүйлөшкөнүбүздө айткан, ошондуктан мен жеке көзөмөлүмө алгам. Анан "билбей калыптырмын" деген сөздү айтыш, биринчиден, мен үчүн уят. Экинчиден, ал кишинин айткандарын төгүнгө чыгарам. Кечээ дагы чалып "жүк чыгып кетиптир, мен бул боюнча билем, коррупциялык иштерге барып атасыңар" деп мени күнөөлөдү. "Жогорку Кеңештин отурумунда биринчи маселе кылып айтам" деди. Эми ал өзүнүн эрки. Мен мында коррупциялык иштер бар деп айта албайм. Бардык иш кагаздары мыйзамдуу жол менен топтолуп, аныктама берилип, чыгарылып кетти", — деди Бажы кызматынын төрагасы.

Аны менен катар Исабеков 14 контейнер алтын концентратынын салмагы 364 тонна, статистикалык баасы 555,4 миң доллар болгонун билдирди.

Депутат болсо алтын концентратынын баасы 253 миллион долларды түзөрүн айткан. Исабеков ал эмненин негизинде айтканын түшүнө албай, мурда чыгып кеткендерди да кошуп жатышы мүмкүн деп божомолдоду.

Жаңылыктар түрмөгү
0