12:36 22 Тогуздун айы 2021
Түз эфир
  • USD84.8000
  • EUR98.7242
  • RUB1.1945
Видео

Конвойлукка баары чыдай бербейт. Соттолгондорду ташыгандар тууралуу видео

Кыскача шилтеме алуу
7510 0 0
© Sputnik / Эмиль Садыров

Конвой абактын ичиндеги кызматкер эмес. Ал өмүрүн тобокелге салып айыпталуучуларды бир абактан экинчисине ташыйт же сот отурумуна алып барат.

Иш моралдык жактан оор болгондуктан баары эле чыдай бербейт. Кызмат кимдер үчүн экенин Sputnik Кыргызстан агенттигинин тартуу тобу билип келди.

Конвойлор Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын Түзөтүү мекемелерин, соттолгондор менен камакка алынгандарды кайтаруу жана күзөтүү департаментинде кызмат өтөйт.

Аталган департаменттин жетекчисинин орун басары, полковник Муратбек Кожобековдун айтымында, өздүк курам мөөнөттөгү аскерлерден жана офицерлерден турат.

Заместитель начальника Департамента охраны исправительных учреждений и конвоирования ГСИН Муратбек Кожобеков
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын Түзөтүү мекемелерин, соттолгондор менен камакка алынгандарды кайтаруу жана күзөтүү департаменттин жетекчисинин орун басары, полковник Муратбек Кожобеков
"Көбү 18-19 жаштагы анык мөөнөттөгү кызматкерлер. Аларды бир айлык карантинде окутуп, ок атканды үйрөтүп, уставдын беренелерин, мыйзамдарды жаттатып, даярдыктан өткөндөн кийин сынак тапшыртып кызматка дайындайбыз. Андан сырткары, офицер, прапорщиктер бар. Алардын жаш курагы 30-40тын тегерегинде. Офицердик курам толугу менен кызмат өтөөдө, бош орун деген бизде аз", — деди Кожобеков.

Департаментте иш таң атпай башталат. Аскерлер көнүгүү жасап, тамактанып, ишке даярдык көрүшөт. 08.00дөн тарта атайын автоунаа менен абактарга жөнөшөт.

Унаанын алды жагына айдоочу менен кароол башчы, арт жагына автоматчан күзөтчү менен кароол башчынын жардамчысы отурат. Алар бири-бири менен үн берүүчү аппарат аркылуу байланышта болушат.

  • Автомобиль для перевозки осужденных на территории Департамента охраны исправительных учреждений и конвоирования ГСИН
    Конвойлор саат 08.00дөн тарта атайын автоунаа менен абактарга жөнөшөт
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Сотрудники ГСИН на территории СИЗО №1 в Бишкеке
    Унаада айыпталуучуну бир нече аскер кайтарып, коштоп барат
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Сотрудник Департамента охраны исправительных учреждений и конвоирования ГСИН у служебного авто
    Кызмат өтөгөндөр жолдо ар кандай учурларга туш болобуз дейт
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Сотрудники Департамента охраны исправительных учреждений и конвоирования ГСИН
    Абакка түшкөндөрдүн айрымдары качууга аракет кылат экен
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Сотрудник Департамента охраны исправительных учреждений и конвоирования ГСИН на онлайн судебном заседании
    Конвойлор айыпкерлерди сотко да ташыйт
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Сотрудники Департамента охраны исправительных учреждений и конвоирования ГСИН ведут задержанного
    Бирок азыр отурумдар онлайн өтүүдө
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Сотрудники Департамента охраны исправительных учреждений и конвоирования ГСИН на онлайн судебном заседании
    Тергөө абактарындагы айрым бөлмөлөр аралыктан сот процессин өткөрүүгө ылайыкташтырылган
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
1 / 7
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Конвойлор саат 08.00дөн тарта атайын автоунаа менен абактарга жөнөшөт

Конвой менен биздин тартуу топ дагы ЖАМКтын 21-мекемесине барды. Эл ичинде №1 тергөө деп айтылган жайга сырттагыларды дыкат текшерип киргизишет экен. Бул жактан конвойлор соттолуучуну Аскер прокуратурасына алып жөнөштү.

Департаменттин 2-ротасынын кароол башчысы Иманбек Султангазиев жолдон ар кандай учурлар болуп кетерин жашырган жок.

Начальник караула 2-й роты Департамента охраны исправительных учреждений и конвоирования ГСИН Иманбек Султангазиев
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Департаменттин 2-ротасынын кароол башчысы Иманбек Султангазиев
"Кол салган учурлар болгон. Эми курал менен кол салуу эмес, мушташуу ыкмалары болот. Качып кеткиси келгендер бар. Мисалы, бир жерим ооруп жатат деши мүмкүн. Бизди алаксытып, манёвр да. Анын бардыгын бизге окутат, үйрөтөт, ошонун бардыгын практика жүзүндө колдоно билебиз. Менин милдетим автоунаанын ичиндеги аскерлер менен айыпталуучулардын жана соттолуучулардын коопсуздугуна кам көрүү", — деди Султангазиев.

Автоунаа абактагыларды бир жерден экинчи жерге ташууда жолдон себепсиз токтобошу керек. Бул үчүн ЖАМК унааларга орноткон GPS-навигатор аркылуу байкоо жүргүзүп турат.

Сотрудники ГСИН проходят обучение в СИЗО №1 в Бишкеке
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Өздүк курам мөөнөттөгү аскерлерден жана офицерлерден турат

Конвойлор айыпкерлерди сотко да ташыйт. Бирок азыр отурумдар онлайн өтүүдө. Тергөө абактарындагы айрым бөлмөлөр аралыктан сот процессин өткөрүүгө ылайыкташтырылган.

Ошондой эле абактын тышында мунарада автоматчан турган аскерлерди көрсөңүз керек. Бул милдетти да ЖАМК департаментинин кызматкерлери аткарат. Алар өз аймагынан кылмышкерди качырбашы керек, зарыл учурда курал колдоно алат.

Наблюдательный пункт на территория колонии № 27 в Молдовановке. 08 сентября 2021 года
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Абактын тышында мунарада автоматчан турган аскерлерди көрсөңүз керек. Ал милдетти департаменттегилер аткарат

"Уставдын жана беренелердин негизинде жалгыз сакчы болуп турганда өз алдынча колдонууга (курал) укуктуу. Ал командирдин же жетекчинин буйругун күтпөйт", — дейт департаменттин жетекчисинин орун басары Муратбек Кожобеков.

Департаментте кызмат өтөөгө ашыккандар көп дейт жетекчилер. Себеби оңой эмес жумушта аскерлер бышат. Биринчи батальондун командири, подполковник Рахат Токтоналиев болочок аскерлерге кеңешин берди.

Командир 1-го батальона Департамента охраны исправительных учреждений и конвоирования ГСИН подполковник Рахат Токтоналиев
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Биринчи батальондун командири, подполковник Рахат Токтоналиев
"Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын департаментине кызмат өтөөгө военкоматтарда сынак өтө эле күчтүү. Себеби ал жактан кызмат өтөп кеткен аскер кызматкерлери башка күч түзүмдөрүнө такшалып барат. Жаңы келип жаткан аскер кызматкерлери үчүн кызмат оор эле болот . Ошого чыдап, эрктүү болушу керек. Эч нерседен тайманбагыдай болуп, жан дүйнөсүн даярдап келиши шарт. Баарына чыдайм, көтөрө билем деп. Ошондо, менимче, кызмат оңой жана жеңил өтөт", — деди Токтоналиев.
Сотрудники ГСИН на территории СИЗО №1 в Бишкеке
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Департаментте кызмат өтөөгө ашыккандар көп дейт жетекчилер. Себеби оңой эмес жумушта аскерлер бышат.

Түзөтүү мекемелерин, соттолгондор менен камакка алынгандарды кайтаруу жана күзөтүү департаментинин кызматкерлери Кыргызстан боюнча иштеп, облус жана шаар аралап айыпталуучуларды ташыйт. Ошондой эле Россия жана Казакстан сыяктуу келишим түзүлгөн мамлекеттерден соттолгондорду алып келет.

Тема боюнча

Темир тор артындагы өлүм: Кыргызстандын абактарында кантип дарылашат
№50 абактан 9 кылмышкер качкан кандуу окуя. Кимдер жазаланып, эмне өзгөрдү?
Белгилер:
ЖАМК, конвой, видео, репортаж, кызмат

Дагы видео

ЭҢ МААНИЛҮҮ