Аскага чыкканына сүйүнгөн спортчу секире коюп олуттуу жаракат алды. Видео

© AFP / ERICH SPIESSТүштүк кореялык аскага чыгуучу Мин Ян Ли Москва шаарында өткөн аскага чыгуу боюнча дүйнө чемпионатында
Түштүк кореялык аскага чыгуучу Мин Ян Ли Москва шаарында өткөн аскага чыгуу боюнча дүйнө чемпионатында - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.09.2021
Жазылуу
Спортчу трассадан ийгиликтүү өтүп, бирок матка туура эмес секирип алып тура албай калган. Медиктер аны замбил менен көтөрүп кетишти.

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Түштүк кореялык аскага чыгуучу Мин Ян Ли Москва шаарында өткөн аскага чыгуу боюнча дүйнө чемпионатында олуттуу жаракат алды.

Жарым финалда спортчу трассага ийгиликтүү чыгып, сүйүнгөнүнөн секирип жерге туура эмес түшкөн. Ал белин кармап тура албай калганда медиктер замбилге салып көтөрүп кеткен.

Аскага чыгуу боюнча дүйнөлүк чемпионат Москвада 15-сентябрда башталган, жарыш эртең жыйынтыкталат. Ага дүйнө жүзүнөн келген 188 аскага чыгуучу катышууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0