Марипов окуучуларга падышанын шок баласы тууралуу икая айтып берди. Видео

Жазылуу
Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Чүй облусунун Кашка-Суу айылындагы мектептин 11-классынын окуучуларына тарбиялык саат өттү. Ал XXI кылымда билимсиз адам ийгиликке жете албасын белгилеп, балдарды жакшы окуп, келечекте өз кесибинин мыктысы болууга чакырды.

Ошондой эле өкмөт башчы мугалимди сыйлоого үндөп, падышанын шок баласы тууралуу төмөнкү икаяны айтып берди:

Мугалим окуучунун тапшырмасын текшерип жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.09.2021
Мугалим менен окуучунун ортосундагы конфликтини ата-эне кантип чече алат
Осмон империясындагы Фатех Султан бала кезинде мугалимдин тилин албаган шок, ошол эле учурда зээндүү болуптур. Мугалим анын падыша атасына келип "уулуңуз тентектик кылып укпай жатат" дейт. Анда ал "мен сабагыңызга киргенде катуу кагып коюңуз" дептир. Ошондо бул падышага да катуу сүйлөп жатат деп коркуп калат деген экен. Эртеси падыша мектепке келсе мугалим "мен сабак өтүп жатам, тоскоол болбой чыгып кетиңиз" деп катуу айтат. Ошондо Фатех коркуп, эки-үч күн жакшы окуп калыптыр. Бирок кайра эле шоктоно баштаган. Анан мугалим падышага барса, дагы бир ыкманы сүйлөшүшөт. Эртеси Султан падыша класска кирери менен мугалим чыгып кетиңиз десе да болбойт, анан аны жаакка бир чабат. Ошону көргөн Фатех кийин бир да жолу тартипсиздик кылбай, жакшы окуп калган экен.

Андан соң элде мугалимдин даражасы падышадан да, өлкө башчысынан дагы жогору деген сөз тараган.

Жаңылыктар түрмөгү
0