Тегеренип, шукшурулуп. Асманда чеберчилигин көрсөткөн 6 учактын видеосу

Жазылуу
Интернетке Россиянын аскер-аба күчтөрүнүн "Русские витязи" деп аталган жогорку чеберчиликтеги авиациялык тобунун асмандагы видеосу тарады.

Аба кемелеринин четтен караган адамды кайдыгер калтырбаган авиашоусу бир нече убакытка созулган. Андан Су-35 истребителдеринин тик өйдө чыгып, кайра шукшурула түшүп, каалгып бара жатып аба мейкиндигинде бир нече ирет оодарылып, кайра баштапкы калыбына келип, андан ары шоу-программаны уланткан.

Бул номерлер Новороссийск баатыр-шаардын 183 жылдыгына арналган.

Жаңылыктар түрмөгү
0