Россия менен Беларустун биргелешкен машыгуусу. Асмандан тартылган видео

Жазылуу
Смоленск аймагында 20дан ашык учак асмандан авиациялык бомбаларды таштоо боюнча Россия менен Беларустун аскерлери "Запад-2021" деп аталган биргелешкен машыгууларын өткөрүүдө.

Сценарий боюнча, алар шарттуу түрдө коюлган сооттолгон техника менен командалык пунктуларды жок кылышкан. Бул иш-чарага 200 миңдей адам катышып, 800дөн ашуун техника пайдаланылды. Алардын 80и учак, тик учак, 290у танк, 240ы ар кыл куралдар, реактивдүү система, минометтер жана 15 кеме.

10-сентябрда башталган машыгуу 16-сентябрда аяктайт. Анын Россиянын аймагындагы тогуз, Беларустун беш полигонунда, Балтика деңизинин акваторийинде өтөрү айтылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0