Үстү мелмилдеп, түбү албуттанган дарыядан аман чыккан зебранын видеосу

Жазылуу
Түштүк Африканын Серенгети паркында зебралардын үйүр башы ылайыктуу кечүү издеп шар аккан дарыяга түшүп, аны суу алып бара жаткан. Ал эми башкалары аны куткарууга далбас уруп, жээкти бойлой чуркаган видео тарады.

"National Geographic Россия" сайтынын жазышынча, жаратылыш паркында зебралар жырткычтардан коргонуп улам жер которуп турушат. Видеодон жаныбарлардын үйүр башчысы, ургаачы зебра Шаани дарыядан экинчи жээкке өтүү аракетинде сууга биринчи киргенин көрүүгө болот. Бирок сыртынан мелмилдеп, бирок ичи албуттана аккан дарыя аны дароо ылдый көздөй алып кеткен. Жээкте анын баласы жана башка зебралар көз салып тургандан башка арга тапкан эмес.

Кадрдан жергиликтүү адистер Пунда деп атагалн зебра аны куткаргысы келгендей жээкти бойлой кошо чуркаганын көрүүгө болот. Бактыга жараша, Шаани агымга каршы сүзүп отуруп, суудан аман чыккан. Сайт бул окуядан кийин үйүр дарыядан өтө албай, бирок башка жол менен жер которгонун баяндаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0