Алай тоолорун көрүп ыйлап... Ошто тартылган "Орел и решка" шоусу чыкты

Жазылуу
Популярдуу "Орел и решка" трэвел-шоусу Кыргызстандын түштүгүндөгү саякаты тууралуу видеону YouTube баракчасына чыгарды.

Эс алууга каалаганындай акча коротуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон алып баруучуну Оштун аэропортунан тосуп алып, жолтандабаска отургузуп туристтик милиция коштогон кортеж менен алып кетишкен.

Ал эми 100 доллар менен гана эс ала турган алып баруучу такси менен шаарга келип этномейманканага жайгашып, боз үйдө жатты. Ал жайма базарды кыдырып, шоро, чалап жана советтик автоматтан газдалган суу ичти. Эртеси Өзгөнгө барып күрүч талаасын көрүп, андан соң чыныгы палоонун даамын татты.

Россиялык турист Кыргызстан тууралуу ыр жазып, клип тартты. Видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.09.2021
Россиялык турист Кыргызстан тууралуу ыр жазып, клип тартты. Видео
Бюджети чектелбеген кесиптеши Алай өрөөнүнө барып боз үй формасында жасалган мейманканада эс алды. Ал Кыргызстандын түштүгүндө туристтик тармак эми өнүгө баштаганын белгилеген. Ат минип тоонун үстүнө чыкканда көз талдырган кооз жаратылышка суктанып ыйлап да жиберди. Аны менен катар мында оюн-зоок жайлары аз экенин айтып өттү. Сапарынын экинчи күнү алып баруучу өзүн рафтингде сынап көрдү, андан кийин Тулпар-Көл жайлоосуна барды. Жергиликтүүлөр аны улуттук кийимчен чыгып, ыр-күүлөр менен тосуп алышты. Топоз мингизип, ак жоолук салып кыргыз келиндеринин кийимин кийгизип, ага күйөө да "таап" беришкен.

Ал эми салтка айланган 100 долларды бекитүү ырасмысын Тулпар-Көл боз үйлөр лагеринин айланасында кылган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0