Валентина Шевченконун таймаштарындагы унутулгус ирмемдер. Видео

Жазылуу
UFC уюму кыргызстандык мушкер Валентина Шевченконун таймаштарындагы бүйүр кызыткан учурлардын видеосун жарыялады.

Жакын арада спортчу чемпиондук макамын сактоо үчүн кайрадан беттеш өткөрөт. Ал рингге америкалык Лорен Мерфи менен чыгат.

UFC Шевченко менен Андраденин кармашынын баштан-аяк видеосун жарыялады - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.09.2021
UFC Шевченко менен Андраденин кармашынын баштан-аяк видеосун жарыялады
Видеодон беттештердин кызыктуу ирмемдерин, спортчунун маалымат жыйыны учурунда айткандарынын урунттуу учурларын жана көз караштар таймаштарын көрүүгө болот.

Шевченко 2018-жылы польшалык Иоанна Енджейчикти утуп, UFC чемпиону болгон. 2019-2020-жылдары чемпиондук курун сактап калуу үчүн америкалык Жессики Ай, Лиз Кармуш, Кэтлин Чукагян жана бразилиялык Женнифер Майа менен күч сынашкан. Ушул жылдын апрель айында бразилиялык Жессика Андраде менен рингге чыгып, жеңип алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0