Тарыхтагы кара так. Баткен согушуна катышкандарды сыйлаган Акаевдин видеосу

Жазылуу
Баткен согушу — эгемен Кыргызстандын тарыхындагы кара так. Каргашада 54 жоокер каза таап, 82 аскер жаракат алган.

Колумнист Алмаз Батилов КР президентинин архивинен өлкөнүн биринчи башчысы Аскар Акаев Баткен согушунун жыйынтыгы менен Бишкек шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда өзгөчө каармандыгы менен айырмаланган жоокер, прапорщик жана офицерлерге аскердик сыйлык тапшырган даректүү тасманын үзүндүсүн тапкан.

1996-жылы Өзбекстандын башчысы Ислам Каримовго каршы күрөшкөн радикалдар Түндүк Афганистанда "Өзбек ислам кыймылы" (ӨИК) деп аталган террордук уюм түптөгөн. Бул уюмдун айрым мүчөлөрү 1992-1997-жылдары Тажикстандагы кандуу тирешүүгө катышып, Бириккен тажик оппозициясынын тарабында согушкан эле.

36 өлкөнүн учкучтарын даярдаган кыргыз авиациясы. Аскер-аба флотунун күнү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.08.2021
36 өлкөнүн учкучтарын даярдаган кыргыз авиациясы. Аскер-аба флотунун күнү
1999-жылы ӨИК Тажикстандан Кыргызстандын түштүк аймагы аркылуу Өзбекстанга өтүп, төңкөрүш уюштуруп Борбордук Азияда халифат курууга умтулат.

Уюм 1992-1997-жылдары Тажикстандагыдай бийлик үчүн кандуу тирештин сценарийин кайталоого абдан кызыкдар эле. Дал ушул себептен ӨИК расмий Бишкектен тоскоолдуксуз жол ачып берүүнү талап кылган. Бирок кыргыз армиясы менен атайын кызматтары бул террордук уюмга каршы Баткен чөлкөмүндө эки ирет согушуп, кошуна өлкөгө бир да баш кесерди өткөрбөй, 64 согушкерди жок кылган.

ӨИК Кыргызстанда жүргөн япон геологдорун, КР офицер менен аскерлерин жана жай тургундарды туткундап, буларды барымтадан генерал Жумабек Асанкулов кызматкерлери менен, ошондой эле Тажикстандагы элчи Эрик Асаналиев башында турган топ бошоткон. 

Эң өкүнүчтүүсү, кыргыз армиясы оор жоготууга учурап, 54 жоокеринен айрылган. Мындан тышкары, дагы 82 аскер жаракат алган.

Дал ушул Баткен согушунун чоо-жайы тууралуу мурунку президент Аскар Акаев кенен маек куруп берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0