UFC Шевченко менен Андраденин кармашынын баштан-аяк видеосун жарыялады

Жазылуу
Кыргызстандык мушкер Валентина Шевченконун америкалык Лорен Мерфи менен боло турчу беттешинин алдында UFC анын соңку кармашынын видеосун толугу менен чыгарды.

Кармаш 25-апрелде Жексонвиллде (АКШ) өткөн. Шевченко анда эң жеңил салмактын экс-чемпиону, бразилиялык Жессика Андрадени утуп, UFC уюмунун чемпиону наамын бешинчи ирет коргогон. Кармаш партерде өтүп, кыргызстандык спортчу муштуму жана чыканагы менен соккуларды узаткан. Рефери техникалык нокаут деп кармашты токтоткон.

Кезектеги турнирин Шевченко 25-сентябрда АКШнын Лас-Вегас шаарында өткөрөт. Атаандашы 37 жаштагы Мерфи болмокчу, ал беш кармашта катары менен жеңүүчү болуп келе жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0