00:26 22 Аяк оона 2021
Түз эфир
  • USD84.8000
  • EUR99.5043
  • RUB1.1584
Видео

Жогорку деңгээлде өттү! ЖККУнун аскердик машыгуусунун видеосу

Кыскача шилтеме алуу
377 0 0
© Sputnik / Эмиль Садыров

Балыкчыдан анча алыс эмес жерде аскердик машыгуулар өттү. Ага ЖККУга мүчө мамлекеттердин аскердик контингенттери менен ыкчам топтору, Кыргызстандын ИИМинин атайын багыттагы органдарынын бөлүктөрү, ӨКМ жана УКМКнын Чек ара кызматы катышты.

ЖККУнун Бириккен штабынын жетекчиси Анатолий Сидоров аскерлер менен жетекчилердин даярдыгына канааттанганын билдирди.

"Машыгуулардын активдүү этабы жыйынтыкталды. Эпидемиологиялык жана башка факторлорду эске алганда бул ыкчам жана аскердик машыгуулар биргелешкен биринчи иш-чара болуп калды. Жетектөөчү курам жогорку чеберчилигин көрсөттү. Эми бизди Тажикстан менен Россиядагы иш-чаралар күтүп турат", — деди ал.

Ысык-Көлдө ЖККУнун машыгуу учурунда аскерлер жана аскердик атайын техника
© Фото / пресс-служба Министерства обороны КР
Башкы штабдын жетекчисинин биринчи орун басары Артур Темиров машыгуулар ЖККУга мүчө-мамлекеттин аймагына басып кирген мыйзамсыз куралдуу түзүлүштөрдү жок кылууга даярдык көрүү максатында өткөрүлгөнүн билдирди.

Жалпысынан аталган иш-чарага 1 000ден ашуун адам катышып, 150 даана аскердик жана атайын техника пайдаланылган. Алардын ичинде бир нече ракеталык система, Су-30СМ истребителдери, Су-25 чабуул жасоочу учактары жана Ми-8 тик учагы, "Орлан-10" учкучсуз аппараты бар.

Тема боюнча

Талаа аралаган танкалар. ЖККУнун Кыргызстандагы аскердик машыгуусунун видеосу
Ысык-Көлдө миңдей адам катышкан ЖККУ күчтөрүнүн машыгуусу башталды
Белгилер:
ЖККУ, машыгуу, Башкы штаб

Дагы видео

ЭҢ МААНИЛҮҮ