Топту 192 метрден таамай киргизген гольфчунун укмуштуудай соккусу. Видео

Жазылуу
Окуя Гольф оюнчулар ассоциациясынын жыл сайын өтүүчү чемпионатында болгон. Бул аталган спорт боюнча эркектер арасындагы маанилүү чемпионат болуп саналат.

Америкалык гольф оюнчусу Харрис Инглиш алыскы аралыктан бутага (лункага) бир сокку менен топту түшүрүп жаңы ийгилик жаратты. Бул тууралуу Golfweek сайты жазды.

Футбол боюнча Түштүк Корея курама командасынын оюнчусу Ли Жэ Сон - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.09.2021
Бир метр аралыктан гол киргизе албай жер муштаган кореялык футболчу. Видео
Көлмөнүн үстүнөн учуп өткөн топ оюн аянтынан тоголонуп, түз эле бутага түшкөн.

Инглиш топту урууга даярданып жатканда бутанын аралыгы 211 ярд (болжол менен 192 метр) деп көрсөтүлгөн. Мындай кызыктуу окуя кесипкөй Гольф оюнчулар ассоциациясынын жыл сайын өтүүчү чемпионатында болгон. Бул аталган спорт боюнча эркектер арасындагы маанилүү чемпионат болуп саналат.

Жаңылыктар түрмөгү
0