Сёрфинг тепкен аял менен "ойногон" киттин видеосу

Жазылуу
Видео Аргентинанын Пуэрто-Мадрин шаарында тартылган. Кадрдан сёрфинг тебүү үчүн ылайыкталган тактанын үстүндө аял отурганын, ал эми кит сүзүп баратып тактаны кошо акырын жылдырып бара жатканын көрүүгө болот.

Интернет колдонуучулары китти "интеллигент суу жаныбары" деп алкап жатышат.

Видеону Оскар Комес аттуу суу туризми боюнча жергиликтүү оператор асмандан тартып алганын The Guardian жазды.

"Мындай көрүнүш сейрек кездешет", — деген Комес.

Роликтен кит тактаны канаты менен жылдыруу үчүн атайылап капталдап сүзүп жатканын көрүүгө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0