Месси жаңы командасы менен алгачкы жолу оюн талаасына чыкты. Видео

Жазылуу
Белгилүү футболчу Лионель Месси Франциянын "Пари Сен-Жермен" футбол клубу менен алгачкы жолу оюн талаасына чыкты.

Франция чемпионатынын төртүнчү турунун алкагында ПСЖ менен "Реймс" командалары ойногон. Анда аргентиналык Месси оюндун 66-мүнөтүндө бразилиялык Неймарды алмаштырды.

Аргентиналык футболчу Лионель Месси  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.08.2021
Месси көз жашын аарчыган салфетка 1 млн. долларга аукционго коюлду
Париж футбол клубу өзүнүн YouTube каналына жарыялаган видеодон белгилүү оюнчуну күйөрмандары кубануу менен тосуп алганын, атаандаштары аны жылуу кабыл алгандыгын көрүүгө болот. Ал беттеште "Пари Сен-Жермен" 2:0 эсебинде каршылаштарын жеңди.

Эске сала кетсек, Месси буга чейин түзүлгөн келишиминин каржылык маселелеринен улам "Барселона" менен иштөөнү уланткан эмес. Ал эркин оюнчу катары 10-августтан тарта ПСЖ менен иштеше баштаган.

Аргентиналык футболчу өзүнүн спорттук карьерасын 2004-жылы "Барселонада" баштап, ал команда менен он жолу Испания чемпионатын, жети жолу Испания кубогун утуп, төрт жолу чемпиондор лигасында жеңүүчү болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0