Кытайда көп кабаттуу 15 үй бир нече секундда жок кылынды. Видео

Жазылуу
Кытайдын Куньмин шаарында бир топ жылдан бери курулушу аяктабай турган дээрлик бир кварталды жок кылышты. Бир нече секунд ичинде көп кабаттуу 15 үй жөн гана урандыга айланды.

Хорватияда мэр интервью берип жатканда жер силкинип, имараттар кыйрады. Видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.12.2020
Хорватияда мэр интервью берип жатканда жер силкинип, имараттар кыйрады. Видео
The Paper порталынын жазганына караганда, кварталдын курулушу 2014-жылы токтотулган. Жети жыл ичинде анын жер төлөсүнө жаандын суусу толуп, дубалдарынан жаракалар кете баштаган. Андыктан жерликтиктүү бийлик имараттарды жашоого жараксыз деп чечкен.

15 имаратты бирдей жок кылуу үчүн атайын кызматтар даярдык көрүп, сейсмикалык толкунду токтотуу үчүн анын тегерек-четин тосушкан.

Жакын жерлердеги үйлөрдүн жашоочулары жана тегерек-четте иштеген жарандар коопсуз жайга чыгарылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0