Көздүү мончок жерде калбайт. Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата видеоролик

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан агенттиги  Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата нарк-насил, каада, тарбия, кыргыздын табияты тууралуу кыска видеороликтерди сунуштайт.

Кыргыз эли "кыздын кырк чачы улуу" деп кызга ар дайым сый мамиле жасап, тамактын таттуусун оозуна кармап, орундун сыйлуусун камдап өзгөчө аздектеген. Ошол эле учурда анын адеби, тарбиясына көңүл бурушкан.

Дүйнө тездик менен өнүгүп, жашообузга жаңы нерселер кирип жатканы менен элибиздин эзелтен келе жаткан салты, нарк-насили, тарбиясы сакталышы керек. Биз ошолор менен гана башка улуттардан айырмалана алабыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0