Танк үстүндөгү балерина менен жоокердин бийи. Алабинодон тартылган видео

Жазылуу
Подмосковьедеги Алабино аймагында Армиялык эл аралык оюндар — 2021 жарышынын ачылышы болуп, анда адаттан тыш номер көрсөтүлдү.

Кызыктуу видеону RT жарыялады.

Видеодон Т-80У жана БМД-4 танкалары вальстын музыкасынын ыргагы менен айланса, сооттолгон үчүнчү темир техниканын үстүндө балерина менен танкист бийлеп жатканын көрүүгө болот.

Армиялык эл аралык оюндар — 2021дин ачылыш салтанатына Россия президенти Владимир Путин келген. Бул мелдешке 43 өлкөдөн 290 команда катышууда. Алардын арасында кыргызстандык танкисттер менен адистер да бар.

"Танк биатлону" — Россияда жыл сайын өткөрүлүп келген аскердик ири иш-чаралардын бири. Кыргызстандык аскерлер бул мелдешке 2013-жылдан бери катышууда. Өткөн жылы Кыргызстан командасынын экинчи экипажы тайпалык этапта 3-орунду алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0