Кескелдирикти, жыланды да "сулуулайт". Өзгөчө кесиптин ээси менен видеомаек

Жазылуу
Бишкектик Елена Гаврилова сурикат, кескелдирик, ал тургай жыландарды "сулуулап" иштейт. Елена — грумер, башкача айтканда, үй жаныбарларды кыркып, жууп-тазалап берет.

Гаврилованын кардарлары негизинен ит, мышыктар. Тырмагын алат, өгөөлөйт, тарайт, ашыкча жүнүн тегиздеп, формага келтирет.

"Ири алдыда жаныбардын түрүн, мүнөзүн билиш лаазым. Себеби ошого жараша иштейсиң. Биринчи иретте ага ыңгайлуу болушу керек. Жаныбарды жууп-тазалап, кургатып, жүнүн кыркканга орточо алганда бир-эки сааттай убакыт керек. Ит менен мышыктын жүнүн тегиздеп, жуунтуу зарылдык. Муну үйдөн эле жасаса болот. Ал үчүн болгону атайын жабдыктарды алып коюу керек. Ансыз көркү чыкпай калат. Ошон үчүн ээлери бул ишти грумерге тапшырышат", — деп айтып берди ал.

Грумер болуш үчүн Елена бизнес менен алектенген. Ал мурдагы ишин жыйыштырып коюп, аталган тармакты өздөштүрүш үчүн эл аралык мектепке барып окуп, үйрөнгөн.

Эч ким ишенбеген бизнеске 100 миң доллар салып... Өзгөчө фермада тартылган видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.08.2021
Эч ким ишенбеген бизнеске 100 миң доллар салып... Өзгөчө фермада тартылган видео
"Жаныбарлар менен иштеш үчүн билим алуу керек. Окуп-үйрөнбөгөн кишилерге аны ишенип тапшырган болбойт. Бактыга жараша, биздин шаардагы кесиптештеримдин баары сертификаты бар адистер. Муну интернеттен үйрөнүп алууга болбойт. Билим алуу зарылдык. Ушул тармакта иштөөнү кыялданчумун. Буга чейинки бизнесим өсүмдүктөргө байланыштуу болчу. Тобокелге салдым да кыялымды ишке ашырдым!" — деп түшүндүрүп берди Гаврилова.

Грумер бир күндө 15ке чукул "кардарды" кабыл ала алат. Иштин темпи ээлери алып келген жаныбарларды тейлөөнүн татаалдыгына байланыштуу. Гаврилова сурикаттарды, кескелдирик жана дагы башка экзотикалык жаныбарларды тейлейт. Баарынан көп ага ит менен мышыктарды алып келишет.

Жаңылыктар түрмөгү
0