16:22 23 Тогуздун айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7875
  • EUR98.7011
  • RUB1.1965
Видео

Мурундан өпкөгө, андан ары мээге. COVID организмди кантип жабыркатат. Видео

Кыскача шилтеме алуу
Дүйнөгө жайылган коронавирус (1561)
256 0 0
© YouTube / YaleCampus

Окумуштуулар коронавирус инфекциясы организмге кантип тарап, мурундан өпкөгө, андан ары мээге жетерин көрсөтүп берди.

Изилдөөчүлөрдүн эл аралык тобунун видеосу YaleCampus аталышындагы YouTube-каналга жүктөлдү.

Окумуштуулар чычкандардын организмине инфекция менен кошо белокту киргизген. Ал белоктор атайын видеолорду тартканда ар кандай түстө күйүп турат.

Кадрлардан вирус алгач мурун көңдөйдө өрчүп өпкөгө жетерин көрүүгө болот. Үчүнчү күнү коронавирус тездик менен жайылып башка органдарга жармашып, алтынчы күнү мээни жабыркатып, андан кийин чычкан өлүп калган.

"Биринчи жолу коронавирустун жаныбарда өрчүү мезгили менен реалдуу убакытты визуалдаштырдык. Эң негизгиси инфекциянын жайылышын токтотуу үчүн антителолор иштеши керек болгон жерлерди аныктай алдык", — деген адистер.

Изилдөөчүлөр эксперимент учурунда чычкандарга адамдын плазмасынан алынган антителону сайышкан. Эгер жаныбарлар аны ооруганга чейин алса COVID-19 инфекциясынын жайылышын алдын алып калмактыгы айтылат. Ал эми антителону илдетти жуктурары менен киргизсе үчүнчү күнү сакайышы болжолдонгон.

Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус (1561)

Тема боюнча

Коронавирустун "дельта" штаммынан эмне сактайт? ДССУнун жообу
Коронавирустан алты бейтап каза таап, 249 киши оору жуктурду. Статистика
Белгилер:
коронавирус, чычкан, изилдөө, антитело

Дагы видео

ЭҢ МААНИЛҮҮ