Катуу учкан топ тийип кулап калган бейсболчу. АКШдагы видео

Жазылуу
Түндүк Американын Башкы бейсбол лигасындагы (MLB) "Окленд Атлетикс" клубунун оюнчусу Крис Бэсситтке саатына 160 чакырым ылдамдыкта учуп келген топ тийип, ал жатып калган.

Оюндагы мындай учурдун видеосу Crackpot Sports булагынын YouTube каналына чыкты.

Жужанна Томори из Венгрии на Олимпийских играх в Токио-2020 - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.07.2021
Чекчейип, кемшейип, чочуп... Токио Олимпиадасындагы атлеттердин эмоциясы
Окуя аталган чикаголук "Уайт Сокс" клубу менен беттешип жатканда болгон. Бэсситт ортодон оюнду баштап, топту командалашына ыргыткан. Аны ортодон атаандаштын коргоочусу таяк менен уруп кайтарганда, топ кайрадан келип Бэсситтин оң көзүнө тийген. Оюнчу ошол жерге кулап, аны дарыгерлер атайын унаа менен алып кетишкен. Деген менен оюнчу эсин жоготкон эмес.

Америкалык оюнчу ооруканага жаткырылган. Анын жаракаты канчалык деңгээлде экени бир канча медициналык изилдөөлөрдөн кийин анык болору айтылды.

Бейсбол тобу резинадан жасалып, сыртынан кайыш материал капталат. Топтун салмагы 142ден 149 граммга чейин, диаметри 22,9дан 23,5 сантиметрге чейин болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0