Чемпиондук кур, 1 млн. рубль. Абдыкааровдун Гран-при мелдешин уткан видеосу

Жазылуу
Кыргызстандык спортчу Гран-при мелдешинин финалына чейин адегенде азербайжандык мушкерди, андан соң бразилиялык атлетти нокаутка кетирип уткан.

Кыргызстандык ММА мушкери Алимардан Абдыкааров OPEN FC лигасынын алгачкы Гран-при мелдешинде чемпиондук курун тагынып, бир миллион рубль акчалай сыйлык алды. Абдыкааров атаандашы армениялык Айк Казарянды нокаутка кетирип утту. Муну менен ал мөөнөтүнөн мурда жеңди.

Дикий нокаутер из Матрицы — как Физиев пробирается в элиту UFC. Видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.08.2021
UFC элитасына айланууда. Белгилүү журнал Физиев тууралуу ролик чыгарды
Беттештен кийинки сөзүндө чемпион лиганын жетекчилиги ким менен беттеш уюштурса да чыгууга даяр экенин билдирди.

Уюмдун эң жеңил, 61 килограмм салмак категориясында ат салышкан Абдыкааров буга чейин жарым финалда бразилиялык Матеус Сантосту нокаутка кетирип уткан.

Ал эми чейрек финалда азербайжандык тажрыйбалуу атлет Эльнар Ибрагимов менен октагонго чыгып, экинчи раундда сулата соккон.

OPEN FC лигасынын Гран-при мелдеши кечээ, 14-августта, Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо өттү. Мелдешти Бишкекте өткөрүү чечимин промоушендин жетекчилиги кыргызстандык мушкердин Гран-при мелдешинде мыкты оюн көрсөткөндөн кийин кабыл алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0