Олимпиада жылдызы Мээрим Жуманазарова менен эксклюзивдүү видеомаек

Жазылуу
Алгачкы жолу катышкан Олимпиада оюндарында коло байге багындырган 21 жаштагы балбан Мээрим Жуманазарова Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине келип маек курду.

Спортчу оюн 2020-жылы өтсө жаракатына байланыштуу коло эмес, лицензия алууга мүмкүнчүлүгү болмок эместигин, Токиого кандай план менен барганын, элдин колдоосу кандай дем бергенин айтып берип, күйөрмандары кызыккан суроолорго жооп берди. Ошондой эле бир аз эс алгандан кийин машыгууларын улантып, мелдештерге барарын билдирди.

Мээрим Жуманазарованын ушул эле видеомаегинин текст түрүндөгү вариантын да окусаңыз болот.

Токио Олимпиадасында өлкө намысын коргогон спортчуларга арналган Ала-Тоо аянтындагы салтанаттын катышуучулары - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.08.2021
Сүрөй албасак да сүйө алдык. Спорт державасына айлануунун жолу
Эске салсак, 3-августта Жуманазарова күрөш боюнча 68 килограмм салмак категориясында Олимпиаданын коло медалын утуп алган. Муну менен ал кыз-келиндер күрөшүнөн Олимпиадада медаль алган алгачкы кыргызстандык балбан болуп калды.

Мээрим баштапкы этапта болгариялык Мими Николова Христова менен кез келип, 7:5 эсебинде утуп алган болчу. Чейрек финалда нигериялык Блессинг Оборудудуга 3:2 эсебинде жеңишти алдырган. Бирок нигериялык кыз финалга чыгып, Жуманазарова коло байге үчүн ат салышууга мүмкүнчүлүк алган. Спортчу бул бейгеге жетүү үчүн монголиялык Соронзонболдын Батцэцэг менен беттешип, анын далысын жерге басып, таза жеңишти камсыздаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0