Чагылгандай реакция! Рулдагы айдоочу адам өмүрүн сактап калган видео

Жазылуу
Таиландда пикаптын айдоочусунун чагылгандай тез реакциясы жолдо бара жатып кулап кеткен скутерчинин өмүрүн сактап калды. Видео Viral Hog YouTube каналына жарыяланды.

Кадрларда көрүнүп тургандай, эки дөңгөлөктүү транспортту айдап бара жаткан кишинин кулап келе жатканын көргөн айдоочу көз ачып жумгуча автоунаасын ары айдай качат.

Кулаган айдоочунун башындагы шлеми ыргып кеткен. Демек, пикап ары качпаганда, жыгылган кишинин башын жанчып кетиши толук ыктымал эле. Кийин жабырлануучу тура калып, жол жээгине чыгып кеткени дагы видеого түшүп калган.

Жаңылыктар түрмөгү
0