Инспекторлор маршрутка айдоочуларынан жол эрежесин сурады. Кооптондурган видео

Жазылуу
ИИМдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын инспекторлору Бишкектеги маршрутка айдоочулары канчалык деңгээлде жол эрежесин билерин текшеришти.

Башкармалыктын маалымат кызматы аталган ролик аварияларды алдын алуу иштеринин алкагында тартылганын белгиледи. Инспекторлор каттамдын аягында токтоп турган айдоочуларга барып жол белгилерин көрсөткөн. Мындай "экзаменди" таксисттерден да алышкан.

Унаанын ачкычы, акча жана телефон. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.08.2021
"Коопсуз шаардын" айып пулун азайтуу мыйзамы күчүнө кирди. Канчага кыскарат
Анда айдоочулар жол эрежесин билбей турганын моюндап, кээ бири унутуп калганын айтты. Айрымдары "негизги жол" жана "жол бошотуп бер" деген белгилерди да билбей койду.

ЖКККББ бир гана 1987-жылдан бери унаа айдап жүргөн киши бардык жол белгилерин туура айтканын белгиледи. Калгандарына инспекторлор окуп-үйрөнүүгө кеңеш берген.

Ошондой эле бул ролик айдоочуларды шылдыңдоо эмес, башкалар да көрүп эрежелерди кайталап окуп алышсын деген максатты көздөй турганын билдиришти.

Ведомство жакында видеонун экинчи бөлүгүн чыгарарын убадалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0